2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА БИРИНЧИ КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 2026–2027-окуу жылына биринчи класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдарды 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө баштап «Электрондук каттоо» санариптик системасы (1mektep.edu.gov.kg) аркылуу кабыл алат. Система ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөргө баланы биринчи класска 1mektep.edu.gov.kg платформасы, «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан каттоого мүмкүндүк берет. Биринчи класска кабыл алууда баланын билим деңгээлин текшерүүгө багытталган тест, экзамен, маектешүү же башка тандоо формаларын өткөрүүгө жол берилбейт.
Каттоо тартиби жана кабыл алуу эрежелери тууралуу толук маалымат 1mektep.edu.gov.kg платформасында жайгаштырылган, ошондой эле 110 кыска номери иштейт.

