ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ БАШТАЛДЫ
2025–2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде расмий түрдө башталды.
Мамлекеттик аттестация жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жыйынтыгын баалоо максатында өткөрүлүүдө. Бүтүрүүчү класстардын окуучулары бекитилген графикке ылайык мамлекеттик экзамендерди тапшырышат.
Мектеп-лицейдин администрациясы бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, алган билимдерин жогорку деңгээлде көрсөтөрүнө ишеним билдирет.



