ЛЕГЕНДАРЛУУ №5 МЕКТЕПКЕ – 100 ЖЫЛ!
Урматтуу окумуштуулар, педагогдор, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, магистранттар, аспиранттар жана жаш изилдөөчүлөр!
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесинин алкагында «Легендарлуу №5 мектептин 100 жылдык тажрыйбасы: жалпы билим берүүчү мектептерде окуу процессин санариптештирүү – инновация жана өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Өтүлүүчү күнү: 2026-жылдын 3-октябры
Убактысы: 09:00–17:00
Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 68, профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.
Конференциянын негизги багыттары:
* Легендарлуу №5 мектептин 100 жылдык тарыхы, салттары жана билим берүү тажрыйбасы;
* «Алтын Казык» программасы жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн актуалдуу маселелери;
* STEM билим берүү жана санариптик трансформация;
* Жасалма интеллект (AI), Big Data жана билим берүү аналитикасы;
* Онлайн, аралыктан жана гибриддик окутуунун заманбап технологиялары;
* Санариптик мектеп жана XXI кылымдын мугалими;
* Инновациялык билим берүү технологиялары жана мыкты педагогикалык практикалар;
* Улуттук нарк – адеп-ахлактык тарбиянын өзөгү: окуу-тарбия процессиндеги заманбап ыкмалар жана тажрыйбалар.
Конференциянын максаты – билим берүү тармагындагы илимий изилдөөлөрдү, инновациялык педагогикалык тажрыйбаларды жана санариптик технологияларды талкуулоо, мыкты практикаларды жайылтуу, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык адистердин кызматташтыгын чыңдоо.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын илимий макалалары ISBN менен илимий макалалар жыйнагына жарыяланат.
Макалаларды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 1-октябрына чейин.
Байланыш үчүн:
+996 706 555 636
+996 708 708 930

