Ооган согушунун ардагерлери дайыма мамлекеттин алдыңкы саптагы патриоттору катары тарыхта кала берет.
Кыргызстандын бардык шаарларында, район борборлорунда Ооганстандан советтик аскерлердин чыккан күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Ошону менен бирге эле 2019-жылдын 16-февралында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын чоң залында Ооган согушунун ардагерлери үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ооган согушунун ардагерлери дайыма мамлекеттин алдыңкы саптагы патриоттору катары тарыхта кала берет. Гимназистер ардагерлер үчүн чоң концерт коюп, алардын эрдиктери үчүн сыймыктануусун баса белгилеп өтүштү.