Эне сага кандай мактоо жарашат!
2019-жылдын 2-мартында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын чоң залында 8-март кыз-келиндердин жана энелердин майрамын утурлап, гимназиянын энелери жана гимназиянын эжейлеринен турган топтор арасында, ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы ынтымакты күч алдыруу максатында «Эне сага кандай мактоо жарашат!» ураанынын алдында «Шайыр апалар-2019» конкурсу болуп өттү.